Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун күч алышына эмне себеп болуп жатканын айтты

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы учурларынын көп катталуусунун себеби калктын эмдөөдөн өтүүдөгү пассивдүүлүгү деп эсептейт. Бул тууралуу аталган уюмдун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге брифинг учурунда айтканы чет элдик басылмаларда жазылды.

"Акыркы 6 ай ичинде Европага коронавируска каршы вакцинанын 400 миллион дозасын жеткиликтүү кылууга мүмкүн болду. COVID-19'дун жайылуусун азайтуу үчүн жай айында эмдөөнүн темпин жогорулатуу каралууда. Бүгүнкү күндө европалыктардын 30 пайызы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алышкан. Ал эми экинчи дозасы менен 17 пайызы эмделген. Вирустун жайылуу коркунучун азайтуу үчүн калктын кеминде 80 пайызы эмделиши керек", - деген ал сөзүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан