SUPER.KG порталынын жамааты кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайт

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайт.

Нооруз - табият жаңыланып, жан дүйнө жаңырып, жаңы жашоонун келгенинен кабар берген касиеттүү күн. Алмустактан бери Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленип келет.

Жаңы жыл ийгиликтин, жакшылыктын, жыргалчылыктын, тынчтыктын, молчулуктун жылы болсун. Ар бир мекендешибизге, ар бир үй-бүлөгө, ден соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз. Элибиз айдан аман, жылдан эсен чыксын. Аруу тилектерибиз, таза ниеттерибиз орундалып, жергебизге кут конуп, жакшылыктар мол болсун!


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-21 11:05:05
Жалпы кыргыз эли учун эн маанилуу Нооруз майрамынар менен куттуктайм. Нооруз - бул бардык кыргызстандыктардын башын бириктирген эң жаркын жана боорукер майрамдардын бири болсун. Нооруз майрамы бизди жакшылыктарга болгон ишенимди арттырат жана ар бирибизде тазаланууга жана жаратылууга болгон каалоону жаратат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан