Бишкекте 20 миң сомдук велосипедди уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришип, арыздануучу 19-мартта жардам сурап кайрылганын айтышты.
"19-мартта болжол менен саат 00:50 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө велосипед уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Арыз ээси уурдалган велосипеддин баасы 20 миң сом экенин, аны белгисиз жаран уурдап кеткенин билдирген.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлдү.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда", - дешти мекемеден.