Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөөлөр киргизилди

Аба ырайынын начарлашына жана республиканын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунун 219-221-чакырымында кар жаап, кар күрткүсү болуп жатат, буга байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

Ошондой эле Бишкек-Ош жолунун айрым аймактарында жана Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат.

Жол-транспорт кырсыктарынан сактануу максатында Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга зарылдыгы жок жолго чыгууну сунуштабайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан