Жалал-Абад шаарында 300 түп павловния көчөтү отургузулду

Жалал-Абад шаарында 300 түп павловния көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, көчөт отургузууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков да катышты.

"Көчөттөр Жамашев, Азимов, Айткулов көчөлөрүнүн боюна, Тайгараев аймактык башкармалыгына жана мектептердин короосуна отургузулду.

Аны менен катар ишембиликтин алкагында каналдар тазаланып, акыр-чикирлерден арылуу иштери жүрдү. Массалык ишембиликке тургундар, мекеме-ишканалар активдүү катышууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан