Японияда коронавирус илдети энеден жаңы төрөлгөн ымыркайга жукканы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, вирус жаңы төрөлгөн ымыркайдан полимераздык чынжыр реакция методунун (ПЦР) жардамы менен табылган, бирок анын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок экендигин белгилешти япон педиатрлар ассоциациясы.
Изилдөөнүн жыйынтыгында өлкөдөгү 1124 медициналык мекемеден маалыматтар алынган. Алардын ичинен 52 бала өткөн жылдын август айынын аягына чейин 31 ооруканада коронавируска чалдыккан энелерден төрөлгөн. Алардын бирөөндө гана коронавирус илдети аныкталган.
Эксперттердин айтымында, вирустун энеден балага өткөнү башка өлкөлөрдө дагы бар. Бирок ал көп болгондуктан кооптонууга негиз жок.