16-17-мартта Ташкентте «Кыргыз Темир Жолу» улуттук компаниясынын башкы директору менен Өзбекстандын темир жол башкармасынын төрагасы жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кытай-Өзбек темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу жана Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поездди калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент маршруту боюнча жүргүнчү ташуучу поездди ушул жылдын май айынан баштап беш айлык мөөнөткө дайындоо жөнүндө макулдашылды. Жыйынтыгында эки тарап протоколдорго кол коюшту", - деп жазылат маалыматта.