"Көчөгө чыгып, эреже сактабаган өспүрүмдөрдүн ата-энелерине айып пул салынат" дейт Нарын шаарынын коменданты

Бүгүн,18-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Нарын шаарынын мери Нурбек Молдокадыров онлайн маалымат жыйын берди.

Анда комендантка жаран тарабынан көчөдө өспүрүмдөр жана балдар топтолуп жүргөнү жана аларга кандай чаралар көрүлө турганын айтып, суроо узатты.

"Өспүрүмдөр чогулуп жүрүшкөнү тууралуу Билим берүү жана илим министри, социалдык коргоо бөлүмү жана биздин жашы жете электер боюнча инспекциясы тарабынан иштер жүрүп жатат. Жарандын айткандары боюнча кечээ Ат-Башы районунда 13-14 жаштагы өспүрүм көчөгө чыкканы үчүн ата-энесине айып пул салынды. Бул жерден ата-энелерге кайрылып кетер элем балдарыңызга көзөмөл кылып, аларды көчөгө чыгарбаңыздар!" - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан