Путиндин Япониянын мэрине белек кылган мышыгы коронавируска шектелип жатат

2012-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Япониянын түндүк префектурасынын башчысы Норихиса Акитага мышык белек кылган. Дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу Путин белек кылган Мир аттуу мышык изоляцияга алынды. Анткени анда коронавирус болушу мүмкүн экени айтылып, мышык вируска шектелип жатат.

Акита бул чечимге АКШда үй жаныбарларына коронавирус жуккандан кийин келген. Ал бул тууралуу маалыматтарды угуп, катуу кабатыр болгон.

"Учурдагы кырдаал адамдар эле эмес жаныбарларды да кыйнап жатат. Апаат эртерээк бүтөт деп үмүттөнөбүз", - деп билдирген ал.

Ал мышыгы тууралуу "табити жакшы, боорукер, мэримдүү жана үйүбүздүн алмаштыргыс мүчөсү" деп айткан. Мындан сырткары ал мышыкты аябай жакшы көрө турганын жана мышык менен ойноп эс ала турганын кошумчалаган.

Ал эми 2012-жылы калаа мэри Фукусима-1 апаатына кабылганда Орусиянын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык белгиси катары Путинге күчүк белек кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zamir.pochta
2020-04-29 19:38:43
Аппатына кабылганда
-2
Krai
2020-04-29 19:41:13
Кызык эле кишилер экен
+1
bratanyn
2020-04-29 19:46:37
Путинди да бир текшерип койгула.
-1
bond02
2020-04-29 20:36:05
А таппасан сыйпалап кал, берген белекти кара.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан