Эртең, 24-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн 1 … +6, күндүз +13 … +18;
Талас облусунда: түнкүсүн 0 … +5, күндүз +12 … +17;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +3 … +8, күндүз +15 … +20;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -3 … +2, күндүз +7 … +12;
Нарын облусунда: түнкүсүн -1 … -6, күндүз +5 … +10.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +15 … +17 градус салкын болот.