Биз социалдык тармакта

Апасы менен "Ош базарга" келип, адашып кеткен бала табылып, үйүнө жеткирилди

Бишкек шаарында адашып жүргөн бала табылып, үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:30 чамасында Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн баланы көрүшкөн.

"Аты-жөнүн тактоо учурунда кичинекей бала бир туугандары менен "Ош базарына" келип, андан ары адашып жүргөнү белгилүү болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери баланы кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издешкен. Көп узабай үйүн таап, 1993-жылы туулган апасына сак-саламат өткөрүп беришкен. Баланын апасы уулун издеп жүргөндүгүн айтып, баласын таап берген кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janna19
2021-03-24 07:41:49
Жалдырап эмнени карап жүрдү эле энеси.Дагы жакшы табылып ыр.Калп элего издегени,издеген болсо кечки сегизге чейин үйүндө отурмак беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан