Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстанга иш сапары менен барды

22-23-март күндөрү ички иштер министри Улан Ниязбеков өзүнүн делегациясы менен Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министр Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри Пулат Бобожанов менен расмий жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, тергөөдөн жана соттон изин жашырып качып жүргөндөрдү издөө, чек арага жакын аймактардагы кызматташтык, кесиптик тажрыйбалар менен бөлүшүүнү колго алуу, эки тарап тең кызыкдар болгон башка багыттар боюнча меселелерди талкуулашты.

Иштиктүү баарлашуунун жыйынтыгы менен тараптар тез арада сапаттуу жаңы деңгээлдеги кызматташууну ишке ашыруу үчүн тутумдуу жана узак убакыттуу чараларды кабыл алууга макулдашууга жетишишти.

Иш сапарынын жүрүшүндө Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өзбек тарап коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, алдын алуу инспекторлорунун ишмердүүлүгүн бул багыттарда жакшыртуу, андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун комплекстүү башкаруу тутуму менен тааныштырып чыгышты.

Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин делегациясы Наманган жана Фергана облустарынын ички иштер башкармалыктарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу иш-чаралары болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан