Биз социалдык тармакта

Дайынсыз болуп изделип жаткан. Чүйдө талма оорусу менен жабыркаган 13 жаштагы өспүрүм табылды

Чүй облусунда изделип жаткан 13 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта саат 11:00 чамасында Чүй ОИИБине талма оорусу менен жабыркаган 2008-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эместиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"24-мартта саат 03:30 чамасында Маловодное айылында жайгашкан стационардык постто кызмат өтөп жаткан инспекторлор Бишкек шаарын көздөй кетип бара жаткан баланы байкап калышкан. Аны суракка алганда жоголуп кеткен өспүрүм экендиги аныкталган. Ал Панфилов айылынан бери жөө келгени белгилүү болду. Бала үшүп калганына байланыштуу инспекторлор ага ысык чай, тамак беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Учурда бала ата-энеси менен бирге профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан