Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата өкүм жокко чыгарылып, иш кайрадан каралмай болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жактоочу Рабига Садыкованын келтирген өтүнүчүнө байланыштуу Салянованын ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра карап чыгуу өтүнүчү жарым-жартылай жактырылды.
"Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 7-февралындагы жана Жогорку Соттун 2018-жылдын 22-майындагы чечимдери жокко чыгарылып, кайрадан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жиберилди", - деп билдиришти Жогорку Соттон.
Эске салсак, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон.