Жалгыз бой эне: "Баламдын боорун курт жеп, 10 пайызы гана калды"

SUPER.KG порталына Атыркүл Мырзакматова аттуу тургун уулуна чет өлкөдө жасалуучу кымбат баалуу операциясына элден жардам сурап кайрылды.

"Мен беш баланын жалгыз бой энесимин, жолдошум каза болуп калгандан бери жалгыз багып келем. Экинчи уулум 2002-жылы туулган Арсланбек Канатбек уулу 11-классты бүткөндөн кийин катуу ооруп калды. Ооруканага кайрылганда боордун альвеоккокоз диагнозун коюшту. Мындайча айтканда, уулумду көп жылдан бери эле ичинен курттар жеп жүрчү экен, азыркы тапта боорунун 10 пайызы эле калыптыр. Медициналык текшерүүдөн өткөнүбүзгө бир жыл болду андан бери балким дагы аз калды. "Башым ооруп, көзүм жакшы көрбөй жатат" деп калчу кээде, биз ага көп деле маани берген эмес экенбиз", - деди эне көзүнө жаш алып.


Бүгүнкү күндө өзүн жаман сезип, төшөктөн тура албай, арыктап, тамак дагы жей албай калган Арсланбек мына буларга токтоло кетти.

"Айылда чоңойгон баламын, угушумча ошол биз баккан жаныбарлардан, кир суулардан, иттерден адамга курт жугат экен. Балдарыңыздарды абайлагыла. Мен көп эле жылдан бери ооруп жүрүптүрмүн, аны чыдамкайлыгымдан эле көтөрүп жүрчү экенмин. Акыркы күндөрү көп сүйлөсөм деле аба жетпей, демим кысылып кыйналып калам. Жаным кыйналганынан түндө уктай албайм, үй-бүлөдө апам эле иштейт. Анын тапканы менин дарылоомо жетпегендиктен кайрымдуу элимден жардам сурайм. Кыргыз жергесинде боор алмаштыруу операциясы жасалбайт экен. Мындай операциялар Индияда 35 миң долларга жасалат дешти. Эми "мындай каражатты кайдан таап дарыланам" деген ой тынчыбызды алат. 11-классты бүткөндө ооруп жатканымды билсем деле айыгып кетем деген үмүтүмдү үзбөй медициналык коллеждге тапшыргам. Баса албай калганымдан бери окуума да барбай калдым. Эгер элимдин жардамы менен айыгып кетсем, бала кезимден көп элди дарыласам деген кыялымды орундатып дарыгер болом", - деди Арсланбек.

Арсланбек Канатбек уулуна жардам берүүнү каалагандар үчүн карта номерлер:
Элсом: 0703 478 714
DemirBank: 4215890111859200

Сурап билүү телефондору: 0505 585 655

Бүгүнкү күндө Арсланбек үчүн 1 сом дагы маанилүү.

Жалгыз бой эне: "Баламдын боорун курт жеп, 10 пайызы гана калды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2021-03-25 14:46:37
Жаш бала экен, Аллахым шыпаасын берсин!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан