2021-жылы абакта жазасын өтөп жаткан 245 адамга ырайым берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1378 соттолуучу ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1133 жарандын өтүнүчү четке кагылган.
"245 адамдын 89у эркиндикке чыкса, 156 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
2020-жылдын 18-ноябрында дагы Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруу учурунда ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык, абактан 230 адам бошотулуп, 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылган.