24-мартта блогер Элмир Сыдыманов толук акталды. Соттук отурумдан чыгып эле SUPER.KG порталына келген блогер алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Акталып чыктым, мен ушуну күткөм. Камап жиберет деп деле ойлогон эмесмин, ишенич чоң болчу. Ушул окуя болуп, сот башталгандан бери чоңойдум, юридикалык билимим өстү, мыйзамдарды түшүнүп баштадым. Бул мага чоң сабак болду. Жамандыктын артынан жакшылык келет дегендей, жакшылык күтүп отурабыз.
Ар бир эле эне баласы үчүн жанын берет го дейм. Менин апам деле ыйлап, кан басымы көтөрүлүп жатты. Көпчүлүк учурда ага көп нерсени билгизбей, жаман болуп турса дагы калп айтып, аны сооротуп жаттым. Себеби ал көп санаа тарта берет.
Жакында элге мыйзамды түшүндүрүп бере тургандай кылып тарта турган проекттер бар. Алар азыр жасалууда. Ушул ызы-чуунун арты менен чоң-чоң адамдар менен тааныштым. Алар менен бирге көп ийгиликтерди жараткым келет. Азыр башымда ар кандай пландар бар. Алар жада калса убактылуу кармоочу жайда отурганда дагы бар болчу. Чыксам муну тартыш керек, муну жасаш керек деп ойлоп койгом. Эми азыр кайра хайп жаратам деп айта албайм. Мен мурдагыдан чоңойдум. Азыр мен эки башка адам болуп калдым.
Соттон чыгып эле бул жакка келгендиктен апам сүйүнүп жатса керек. Турмуш деген ушундай кыйын экен да, эртеңки күнү дагы эмне болуп кетерин билбейсиң", - дейт Сыдыманов.
Блогер алдыда дагы бул иш менен алектенерин айтат.
"Менин башыма бул иш түшкөндө көпчүлүк адамдар колдоду, алар мага жакшылык тилешти. Кандай гана болбосун, мыйзамды биле жүрүш керек экен. Билбейм деген болбойт. Колдон келсе акылдуулукка салып иш кылгыла. Жаман хайптын артынан жакшы эч нерсе келбейт, кайра адамдар ирээнжип качат экен", - дейт блогер.