Бишкек шаарында айдоочулар жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын көптүгүн айтышып митингге чыгышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Алардын айтымында, унаа ээлери 4-апрель күнү саат 12:00дө "Ала-Тоо" аянтына чогулушат.
"Биз айып пулдун өлчөмүн жарандардын орточо эмгек акысына туура келтирүүнү талап кылабыз. Айып пул айлык акыга, кирешеге ылайык кайрадан эсептелип, төмөндөтүлүүсүн сурайбыз", - деп билдирди уюштуруучулардын бири.