УКМК: "17 миллион сом зыян келтирген делинип "Кадастр" ишканасынын кызматкерлери кармалды"

УКМК тарабынан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"23-мартта 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында "Кадастр" ишканасынын Сокулук филиалынын башчысынын орун басары Д.Б.Ж. жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси Т.А.А. кармалышты.

Аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген. Кармалган кызматкерлер УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекемеден.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан