Баткен облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-март күнү саат 20:37де Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Лейлек районунун Достук айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.