Биз социалдык тармакта

Опера жана балет театрындагы чырды териштирген комиссия ишин аяктады

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан. Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, бүгүнкү күндө топ өз ишин аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.

Министрликтен кабарлашкандай, комиссия ишин аяктады, эми корутунду даярдалат.

Окуянын чоо-жайы:

Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпай коюубуздун себеби биринчиден бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган.

Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-25 15:11:59
Жаштарды искуствого кызыктыруу жана тартуу керек. Азыр чыгармачылыктын ыкмалары өзгөрүлүп жатат, бирок искусствону жаратууга жумшалган эмгек эч качан өлбөйт же эскирбейт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан