"Көзөмөлдү күчөткүлө". Жумгалда түнкүсүн көчөлөп жүргөн 15 өспүрүм аныкталды

Нарын облусунун Жумгал районунда түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 15 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Жумгал районунун Байзак айылында жайгашкан базарга жана Чаек айылындагы майда соода-сатык түйүндөрүнө атайын рейдтерди уюштуруп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жумгал РИИБинин алдын алуу каттоосунда турган жарандар текшерилип, аңгемелешүү жүргүзүлдү. Ошондой эле түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 15 өспүрүм аныкталып, ата-энесинин кароосуна тапшырылды. Милиция өспүрүмдөргө карата көзөмөлдү күчөтүү керектигин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан