Биз социалдык тармакта

"Кол чатырды унутпаңыз". 26-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 26-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +13…+18;

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +13…+18;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+7, күндүз +11…+16;

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15 градус;

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз +14…+16 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан