Биз социалдык тармакта

Өкмөт үйүнүн алдына Мариповдун сөзүнө нааразы болуп митингге чыккандар тарай элек (сүрөт)

Бүгүн, 25-мартта ЖЭБ-2 аймагынын жашоочулары жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар президент Садыр Жапаров менен жолугабыз деген талап коюшууда.

Митингдин катышуучулары: "Күндө эле колубуз бошой бербейт да. Бүгүн биз маселебизди чечишибиз керек. Конституцияны кол аарчы алмаштыргандай өзгөртүшөт да, регламентти бузбайбыз дешет", - деп билдиришти.

ЖЭБ-2 аймагында 1000дей кожолук жашайт. Жерлерди мындан 16 жыл мурун мурдагы ээлеринен сатып алышкан. Азыркыга чейин документтештире албай келишет. Балдарын мектепке киргизе албай, жеке менчик мектептерге кымбат суммага окутушат.

Тургундар премьер-министр Улукбек Мариповдун аймактагы 400 үйдү көчүрүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болушуп, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2021-03-25 18:52:07
чынында ушул митинге чыккандар деле акмактар бут жерлерди басып алгандар же ошол басып алган адамдан сатып алгандар жерди алып жаткан мыйзамдуубу же мыйзамсызбы карап алышпайт копчулук адамдар бизди олкого деле темирдей тартип керек окшойт а то кечке кетсин келсин деп кыйкыргандар тажатты
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан