Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Бул мыйзам долбоору боюнча Сулайманов баяндама жасады. Анда депутат Бактыбек Турусбеков добуштар тууралуу суроо берди.
Анда Сулайманов экинчи окууда сунуш берсе болорун айтты. "Бир райондон 5 депутат чыгып калса эмнеси жаман? Аларга эмнеге чектөө коюшубуз керек?" - деп сөзүн жыйынтыктап жатканда Турусбеков кайра суроо бергенде Сулайманов үшкүрүнүп, башын чайкады.