Бүгүн, 25-мартта ЖЭБ-2 аймагындагы жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар тарады.
Жашоочулардын арасынан 5 киши дайындалып, эртең биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков менен жолугушмай болду. Алар жерди мыйзамдаштыруу боюнча маселени президентке түз жеткирүүгө аракет кылып жатышканын айтты.
Эске салсак, тургундар премьер-министр Улукбек Мариповдун аймактагы 400 үйдү көчүрүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болушуп, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Андан кийин өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев митингчилерге 400 үй көчүрүлбөй турганын айткан.