Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Өлкөдө илдет катталган күндөн бери коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 494 адам каза болду.
Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы COVID-19 инфекциясына 87 миң 858 адам кабылды. Ал эми айыккандардын жалпы саны 84 миң 469.