Камчыбек Ташиев: "Кыргыз-Өзбек чек ара талаш-тартыш жараткан маселеси 100 пайыз чечилди"

Кыргыз-Өзбек чек ара талаш-тартыш жараткан маселеси 100 пайыз чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Бир тарап утту, экинчи тарап утулду деген сөз болбойт. Чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. Биз тарапка мурда талаш болуп жаткан жерлер Өзбек-Кыргыз тараптын ортосунда талаш жер калган жок.

Орто-Токой суу сактагычы биз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү суунун 95 пайызын Өзбек тарап колдоно турганын билесиздер. Көк-Серек айылы, 105 гектар жер, Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон биз тарапка жазылды. Кара-Белес участогунан 25 гектар жерди кайрадан алдык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү.

Гавасай деген участок бар. Ал Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде, ошол жерде сүйлөшүүлөр эки күнкү талаш-тартыштан кийин 8 миң гектар жер биз жакка жазылды. Бул жерде кыргыз айылдарынын жайлоосу бар, жер толук бизге жазылмай болду. Эми чыр-чатактар болбойт. Шахрихансай плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык", - деди Ташиев.

Ташиев Кыргыз-Өзбек чек ара маселесинин чечилиши боюнча маалымат берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан