Премьер-министр Улукбек Марипов Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн "шаардыктарга" окшоп, жалкоо болбоого чакырды.
"Ачыгын айтканда, биз жалкоо болуп баратабыз. Даяр нерсенин баарына көнүп алдык. Эч ким нан бышырбайт, бардыгы сырттан сатып ала башташты. Баарыбыз "шаардык" болуп баратабыз. Мен дагы уй саап, кой кайтарып айылда чоңойдум. Ошондуктан элде, айып жетекчилерде айып жок. Биз бардыгын уюштурушубуз керек, калкты мобилизациялашыбыз керек", - деген өз сөзүндө Марипов.
Ошондой эле премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн башка аймактарга чыгып, жумуштар кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышып келүүсү керек экендигин билдирген.