
Эмдөө ар кимдин өз ыктыяры менен болот. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү
Гульбара Ишенапысова айтты.
"Сен медицина кызматкерисиң же мугалимсиң деп кыйнап эмдебейбиз. Эмдөө тууралуу ар бир жаран маалымат алат, андан кийин макулдугун берген соң эмделет. Алардын укугу эске алынат. Эмдөө алган жарандардын бардыгы базага түшөт", - деди Иммунология борборунун директору Гульбара Ишенапысова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардын болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өтөт. Андан кийин медицина кызматкерлери жана башкалар алат.