Коронавирус: Омикрон штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүндө катталды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы омикрон штаммына чалдыккан учурлар дүйнөнүн 106 өлкөсүндө катталганын билдирди. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү вирустун жаңы штаммына байланыштуу жалпы коркунуч өтө жогору чекте турганын белгилешкен.

"2021-жылдын 21-декабрына карата омикрон штаммы 106 өлкөдө аныкталды", - деп айтылат ДССУнун баяндамасында.

Мындан тышкары, ДССУ омикрон дельта штаммына караганда тезирээк тарай турганын баса белгилеген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчётуна ылайык, дүйнөдө 273 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду жана аталган оорудан 5 миллион 300 миңден ашуун адам каза болгон.

Буга чейин коронавирустун омикрон штаммынан дүйнөдөгү алгачкы бейтап Улуу Британияда каза болгондугу кабарланган.

Дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммы боюнча кабарлардын топтому.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан