Эки ай (июнь-июль) аралыгында коронавирус инфекциясынан жана пневмония илдетинен салык органдарынын 7 кызматкери каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алар:
Турат Имеров, Салык кызматынын борбордук аппаратынын ага инспектору;
Назгүл Керимакунова, Тогуз-Торо району боюнча салык органынын бөлүм жетекчиси;
Кубатбек Асанкожоев, Октябрь району боюнча салык органынын ага инспектору;
Авазбек Маманазаров, Кызыл-Кыя шаары боюнча салык органынын ага инспектору;
Гүлзаада Байгудинова, Жайыл району боюнча салык органынын ага инспектору;
Элмирбек Арзыматов, Биринчи Май району боюнча салык органынын башкы инспектору;
Кенжеахун Бостонбаев, Салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.
"Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан салык кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Мындан тышкары Улуттук аза күтүү күнүндө коронавирус инфекциясынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон жарандарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - дешти мекемеден.