Кыргызстандын түндүк аймагында буудайга жана күйүүчү майга болгон баа көтөрүлдү

Кыргызстандын түндүк аймагында буудайга жана күйүүчү майга болгон баа кымбаттады. Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинен маалымдашты. Министрликтин жүргүзгөн анализине ылайык, 22-ноябрдан 29-ноябрга чейин кышкы күйүүчү майдын баасы түндүк аймактарда 48 сомдон 49,5 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми күйүүчү майдын башка түрүнө карата баа өзгөргөн жок. Ошондой эле буудайдын баасы түндүк аймагынын бардык бөлүгүндө 1 сомго чейин кымбаттаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан