Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчысынын бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Жазык кодексинин 205-беренеси "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу" боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын бири кармалган. (Бул Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев менен дал келүүдө)
"Такталган маалымат боюнча, кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул бюджеттик каражаттар Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган болчу. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.