"Акырегим сынды". Баткенге бара жаткан КамАЗдын ичинде кыл кыякчы Залина Касымова дагы болгон

Куралдуу күчтөрдүн Баткенге бара жатып кырсыкка учураган КамАЗында белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова дагы болгон. Ага байланышканыбызда, акыреги сынып, учурда ооруканада жаткандыгын билдирди.

"Жол тайгак болгон үчүн унаа ала салып кетти. Кырсыктан акырегим сынып, баш мээм чайкалыптыр. Учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатам. Операция болот же болбойт деп айтыша элек, текшерилип жатам. КамАЗда 16-17 киши бар болчу. Окуя болгон соң бир кыз экөөбүз жолдон эле унаа тосуп шаарга келе бердик. "Тез жардамды" күткөн жокпуз. Себеби колумдун оорутканы чыдатпай жатты", - дейт Касымова.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта Баткенге концерт койгону бара жаткан Куралдуу күчтөрдүн унаасы кырсыкка учурап, бир ырчы айым каза болуп, бир нече адам жаракат алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан