Танзанияда өлкө башчы менен коштошуу зыйнатында кеминде 45 адам каза болду

Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы тыгында кеминде 45 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 5 адамдын каза болгону айтылган. Маркум президент менен коштошуу зыйнаты Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өткөн. Коштошуу зыйнатына келгендер стадионго кирүүгө аракет кылышкан. Бул чоң тыгынды жаратып, натыйжада 45 адам каза болуп, дагы 37 адам жаракат алышкан.
Магуфули 17-мартта 61 жашында Дар-Эс-Саламдагы ооруканада көз жумган. Вице-президент анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaynak
2021-03-31 07:51:00
Президенттеринин олумун ушунчалык сыйлашса оооохоо, биз кече Садырды айга кунго тенеп, а бугун бокко тенеп жатып калдык
+8
Gulina90
2021-03-31 08:05:39
Сыйлай турган президент окшойт,өлүшуно карабай тыгында барам дешсе.
+5
Bazana
2021-03-31 10:01:55
Бизде деле Чубак ажынын зыйнатына ото коп адам бармак, карантин болуп аз болду.
+12
Zumrudianka
2021-03-31 10:39:23
Аллахым биздин президентибизди да сыйлуу бойдон калтырсын каарыгыча жана олгондон кийинда. Аллахка чексиз шугурлор болсун башты бийик которуп сыймыктанчуу президентибиз бар. Баарыбыз ниетти ондойлу жашообузда келечегибизда ниетке жараша болот ИнШаАллах
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан