Англиянын Партингтон шаарынын жашоочулары 70 жыл чогуу түтүн булаткан жубайлар, коронавирус жуктуруп алышкан. Вирустан улам биринчи жолдошу көз жумса, үч күндөн кийин аялы көз жумган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Маргарет менен Дерек Фирт бири-бирин кичинекей кезинен бери сүйүп келишкен. Алар 1950-жылы баш кошуп, 70 жыл чогуу жашашкан.
2020-жылы 91 жаштагы жубайлар экөө тең ар кандай оорулар менен ооруканага түшкөн. Кийинчерээк, Маргарет башка ооруканага которулган. Дарыгерлер бейтаптын өмүрүнөн чочулашкандыктан Дерек жубайы менен жүргөн. Кийинчерээк экөө тең COVID-19 оорусуна чалдыгып калышкан.
Жубайлардын 50 жаштагы кызы Барбара атасына коронавирус апасына барганда жуккан деп божомолдойт. "Бирок ал анын жанына барбайт деп элестетүү таптакыр мүмкүн эмес болчу" дейт ал. Айтымында, жубайлардын жолугушуусунан кийин Маргареттин абалы жакшырып калгандай сезилген. Бирок, Дерек 31-январда көз жумган, ал эми аялы андан үч күндөн кийин көз жумган. Фирттердин беш баласы, 11 небереси жана төрт чөбөрөсү бар. Күйөөсү менен аялы каза болгонго чейин үч апта мурун АКШнын Огайо штатында 70 жылдык мааракесин белгилешкен.