Баткенде аскердик машыгуу жүрүүдө (сүрөт)

Баткен облусунда аскердик машыгуу жүрүүдө.

Баткен облусунда Коргоо министрлигинин “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Машыгууга 2 миңге жакын адам, 100гө жакын автомобил, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системдер, авиациялык техникалар тартылууда.

"Машыгуунун алкагында аймакка өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилип, дал ушул шартта аскердик жана мамлекеттик органдар күжүрмөн аракеттерин көрсөтүшүүдө.

Машыгуунун негизги катышуучулары аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, УКМК, ӨКМ, милиция жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-04-02 07:09:38
Сонун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан