Бразилиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Нойва-де-Кордейро айылында 35 жашка чейинки 600дөн ашуун аял жашайт. Эң кызыгы, бул айылда бир да эркек жашабайт. Турмушка чыккан аялдарга күйөөлөрүнө жана чоңоюп калган эркек балдарына жолугуу үчүн дем алыш күндөрү гана уруксат берилет.
Жашоочулардын айтымында, айылды 1891-жылы мажбурланып турмушка чыккан Мария Синьорина де Лима негиздеген. Ал күйөөсүн таштап кеткендиги үчүн католик чиркөөсү тарабынан куугунтукка алынган. Мария кызы менен кошо көп убакытка чейин жалгыз жашоого аргасыз болуптур. Анын кызы 16 жашка чыкканда дин кызматкери Анисио Перейра менен баш кошот. Өзүнүн чиркөөсүн түптөгөн Анисио Перейра аялдарга спирт ичимдигин ичүү, чачын кыркуу жана музыка угуу сыяктуу бир топ нерселерге тыюу салган. Анисио өлгөндөн кийин аялдар эркектердин үстөмдүгүнө каршы болушуп, өзүнчө жашоону чечишкен.
Бул айылдын жашоочулары чиркөөгө барбай, өздөрү каалагандай жашагылары келгенин жашырбайт.
"Биз Кудайдын бар экенине ишенебиз. Бирок бул үчүн чиркөөгө баруунун, дин кызматчынын көзүнчө үйлөнүүнүн кереги жок деп ойлойбуз. Бул эркектер ойлоп тапкан эрежелер. Бул жерде эркектерге караганда көп нерселерди жасайбыз. Биздин шаар эркектердин администрациясына караганда кооз жана гармониялуу", - дешет алар.
Эркектер жок жерде атаандаштык деген түшүнүк жок экендигин баса белгилеген жергиликтүү аялдар көйгөйлөрдү чыр-чатаксыз чечүү алар үчүн оңой экендигин айтышат. Айыл тургундары аймакта бала бакча жана ресторан ачып, иштеп тапкан акчаларын коомдун пайдасына иштетишет экен.
Дүйнө жүзүндө Нойва-де-Кордейро сыяктуу кызыктуу аймактар бар. Алардын айрымдары менен тааныштырабыз.
Азиянын чок ортосунда англис тибиндеги айыл: Темза / Кытай
Шанхай шаарына жакын жерде жайгашкан Темза англис тибинде салынган айыл. Бул жерде Англиядагыдай телефон күркөлөрү, балык жана чипсы дүкөнү, паб, көчөлөр бар. Калкынын саны аз болгонуна карабастан сүйүшкөндөр көп барган жерлердин катарына кирет.
Бет каптар шаары: Миякежима аралы / Япония
Тынч океанындагы Миякежима аралы жашоо үчүн кооптуу деп табылган. Анткени бул жерде абада күкүрттүн деңгээли жогору болгондуктан уулануу коркунучу өтө жогору. Ошондуктан жашоочулар ар дайым жанына газдан коргонуучу маска алып жүрүшөт.
Таштанды шаарчасы: Маншият Насир / Египет
Маншият Насир - Каирден чыккан таштандылар ыргытылган шаар. Күн сайын бул жерге чоң көлөмдөгү таштандылар төгүлөт. Жергиликтүү жашоочулар бул жагдайга нараазы болгону менен таштандыларды киреше булагы катары колдонушат.
Шахмат шаары: Элиста / Орусия
Калмыкиянын мурунку президенти шахматты жакшы көргөндүктөн шаарды шахматка байланыштырып долбоорлогон. Шаардын көп жерлеринде чоң фигуралар жана шахмат айкелдери бар. Элистанын борбордук аянтында ири шахмат тактасы орнотулган.
Өлүктөрдүн шаарчасы: Колма / Калифорния
1900-жылы Сан-Францискодо "шаарга бир дагы көрүстөн курулбасын" деген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам Сан-Францисконун жанындагы Колма шаарчасына терс таасирин тийгизип, 1924-жылы ал жерди некрополиске айланткан. 2010-жылы жүргүзүлгөн жарандарды каттоонун жыйынтыгында Колмада 1800 калк жашаса, өлгөндөрдүн саны 1,5 миллиондон ашуун экени аныкталган. Ушул себептен улам ал "өлүктөрдүн шаары" деп аталат.
Жер астындагы шаарча: Кубер-Педи / Австралия
Австралияда температуранын жогорулашынан улам Кубер-Педини негиздөө жергиликтүү тургундар үчүн жакшы идея болгон. 1915-жылы негизделген шаарчада дүкөн, мейманкана, көптөгөн турак үйлөр, галереялар жана чиркөөлөр жер астында жайгашкан. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот.
Цирк шаары: Гибсонтон, Флорида / АКШ
Негизинен АКШда цирк артисттери пенсияга чыкканда Гибсонтонго барып жашашат. Бул аймак Цирк сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүгүнө айланган шаар болуп эсептелет.
Жоголгон бейиш: Сан-Жи курорту / Тайвань
АКШнын аскер кызматкерлери үчүн эс алуу үйү катары берилген Сан-Жи курорту 1978-жылы курулган. Курортто курулуш иштери аягына чыкпай калган. Жергиликтүү тургундар курулуш учурунда адамдардын өлүмү көп болгон деп болжошот. Ошондой эле бул жерде арбактар жашайт деген имиштер да айтылып келет.