Бишкекте окуучу бала менен аялга кол салган ит. Мэрия иттин ээсин табууга жардам сурайт

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева кечээ, 4-апрелде көчөдө окуучу бала менен аялга кол салган иттин окуясы боюнча чогулуш кылды.

Анда шаардык мэрия бул окуяга күбө болгондорду жана иттин ээсин тааныган, көргөн билгендерди төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну өтүнөт.

102 — милиция;
0500432815 — Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмү;
0312370173 — Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы.

“Урматтуу ит багуучулар! Коопсуздукту унутпаңыз, кутурмага каршы эмдөөдөн өтүңүз жана коомдук жайларда жүргөндө итиңиздин оозуна атайын куралды кийгизиңиз", - деп билдирет шаардык мэриядан.

Учурда жабырлануучу бала шаардык балдар ооруканасында болсо, ал эми иттин ээси табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-05 13:41:04
Ит багып эмне кылат ушул заманда кымбатылыкта
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан