Билимге умтулган, мекенин, элин ойлогон жаштарды көргөндө уучубуз кур эместигин аңдап жаркын келечек тууралуу чоң үмүт пайда болот. SUPER.KG порталынын бул жолку каарманы азыркы учурда Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы кадыр-барктуу Корё университетинде магистратурада билим алып жаткан Актилек Мамытканов болмокчу. Ал аталган өлкөдөгү окуу шарттары жана билим алуу сапары тууралуу ой бөлүштү.
- Алгач эле өзүңүз тууралуу маалыматтарды кененирээк айтып берсеңиз.
- Аты-жөнүм Актилек Мамытканов, 25 жаштамын. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Куртка (Жаңы-Талап) айылында туулуп-өскөм. Нарын шаарындагы Себат кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсүмүн. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин 2016-жылы аяктагам. Студент кезимде Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болуп иштегем. ЖОЖду аяктаганда министрликте 2 жылдан ашык иштедим. Азыркы убакта Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестициялар Департаментинде инвестиция жана инновация бөлүмүндө башкы адис болуп иштейм. Учурда окуу өргүүдөмүн.
Түштүк Кореянын Сеул шаарында магистратурада билим алып жатам. 2020-жылы Мамлекеттик кадр кызматы Корей эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен биргелешип Түштүк Кореяга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн сынак түрдө магистратура программасын жыл сайын уюштурушат. Бул программаны 2020-жылы Кыргыз өлкөсүнүн 8 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жеңип чыгып, учурда Кореянын жогорку окуу жайында билим алып жатабыз.
- Билим алуу үчүн эмнеге Түштүк Кореяны тандап алдыңыз?
- Учурда финансы жана салык саясаты факультетинде магистратурада окуйм. Ал эми Түштүк Корея салык саясаты боюнча дүйнө жүзү боюнча 18-орунда турат. Мен окуган Сеул шаарындагы Корё университети кадыр-баркына карай Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлардын арасында эң алдыңкы орундарда турат. Бул Кореянын SKY - деген рейтингинде 2-орунда турат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 69-орунда. Мына ошондуктан да Кореянын өнүгүүсүнө жакшы таасир тийгизген салык саясатын үйрөнөйүн деп, бул жакта окууну тандап алдым.
- Максатыңызга карай жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Сынакка тапшырып жатканда жакшы аракет менен даярдандык. Себеби атаандаштар Кыргыз өлкөсүнөн гана эмес, дүйнөнүн 64 мамлекетинен. Сынактык процедура жөнүндө айта кетсем, жалпылап айтканда, конкурс 4 этаптан турат. Биринчи этап документтерди тапшыруу. Корей эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) мамлекеттик кадр кызматы менен бирге тиешелүү документтердин бардыгын текшерип чыгышат.
Экинчи этап Корей эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчилери менен англис тилинде аңгемелешүү түрүндө болот. Эң негизги талап - бул анлис тилин жакшы билүү.
Үчүнчү этапта болсо тапшырган ЖОЖдун профессору менен аңгемелешүү болот. Жыйынтыгында эң алдыңкы 20 студент окууга өтөт. Ал эми төртүнчү этап медициналык кароодон өтүү. Медициналык кароону жеке медициналык клиникалардан өтүп, 10дон ашык медициналык анализдерди тапшырдык. Андан соң анализдерди англис тилине которуп, күбөлөндүрдүк. Коронавирус илдетине байланыштуу медициналык кароону 2 жолу өтүүгө туура келди.
Мурда дагы мындай конкурстарга катышып келгендиктен мен үчүн эң негизги көйгөй медициналык кароодон өтүү болду. Тапшыра турган документтер аябай көп болду.
- Келечектеги максаттарыңыз менен бөлүшсөңүз.
- Полководец Александр Суворов: "Генерал болууну кыялданбаган аскер - жаман аскер" деп айткандай мен дагы алган билимим, тажрыйбам менен элиме, мамлекетиме пайдалуу болуп, тарыхта жакшы из калтыргым келет.
- Чет өлкөдө билим алам деген жаштарга кеңешиңиз...
- Чет өлкөдө билим алам деген жаштарга англис тилин көп окууну кеңеш берер элем. Азыр жаштар үчүн чет өлкөгө окууга мүмкүнчүлүктөр көп, болгону аракет кылып издениш керек.
- Кореяда коронавирус пандемиясындагы абал кандай болууда?
- Кореяда коронавируска карата абал туруктуу. Биз Инчон шаарынын аэропортуна конгондо эле коронавируска карата 2 анкета толтуруп, жалпысынан 6 тосмодон өттүк жана карантинде текшерип турган телефондорубузга мобилдик тиркеме орнотуп беришти. Кореяда 14 күн карантинде болдук. Мобилдик тиркеме аркылуу обсервацияда жаткандардын геолокациясын текшерип турушат экен. Ошол эле мобилдик тиркеме аркылуу обсервацияда жаткандар күнүнө дене табынын даражасын 2 жолу ченеп, ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат жиберип турушат. Карантин убагында 2 жолу ПЦР-анализин санитардык нормалар сакталган такси менен медициналык борборго барып тапшырып келип жаттык.
Кореянын мыйзамдарына ылайык, карантин тартибин бузган адам болжол менен 8 миң 500 доллар жазага тартылат же 1 жылга эркинен ажыратылат. Бул жакта мыйзам жакшы көзөмөлдөнөт экен. Үйдөн сыртка чыкканда ар бир жаран бет кап тагынып, санитардык нормаларды жакшы карманып жатышат. Эгер көчөдө бет капсыз жүрсөң 100 доллардын айланасында айып пул салынат. Ошондой эле 5 адамдан көп чогулууга тыюу салынган.