Республика боюнча жалпы 848 стационар ачылган

Өлкө боюнча бүгүнкү күндө жалпы 848 стационар ачылып, иштеп жатат. Маалымат бүгүн, 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов тарабынан белгилүү болду.

"Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө абал курч болгондуктан стационарлар ачылган. Медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар өз убагында ачылганын жарандар айтып жатышат. Эпидемиологиялык абал аймактарда да курчуп, мындан улам стацонарларды бардык жерлерде ачуу каралган. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 848 стационар иштеп жатат.

Буюрса, Бишкек, Ош шаарында жаңы ооруканалардын курулушу башталат. Мындан тышкары бир ай аралыгында иштебей турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, медициналык мекеме катары иштетүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-07-21 16:09:13
Жараткан Тенирим колдоп, олкодо тынчтык гана болсун.
-2
-BOSS-
2020-07-21 16:11:51
Asel69, жараткан теңирим дебей эле койгулачы, теңириңер силерди кантип жараткан?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан