"Жүрөгүм ооруду". Садыр Жапаров Өчпөс отту өчүргөн балдар тууралуу пикирин айтты

Бир нече бала Жеңиш аянтындагы Түбөлүк от менен ойноп, аны өчүрүп жаткан видеону көрүп, жүрөгүм ооруду. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Төмөндө өлкө башчысынын баракчасында жарыяланган билдирүүнүн толук тексти.

"Бир нече бала Жеңиш аянтындагы Түбөлүк от менен ойноп, аны өчүрүп жаткан видеону көрүп, жүрөгүм ооруду. Биздин балдарыбыз тарыхыбызга, баалуулуктарыбызга кайдыгер мамиле кылып, вандализмге барып жатышканы өтө кейиштүү.

Мына жакында дүйнөдө 9-май белгиленет. Бул күн - боордош республикалардын бардык тургундары сыяктуу эле биз – кыргызстандыктар үчүн дагы өзгөчө күн. Бул биздин мурасыбыз, биздин азабыбыз жана сыймыгыбыз. Бул күндү биз эч качан унутпай, эстеп турушубуз кажет жана мындай балээ эч качан үйүбүздө, мекенибизде болбошу үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек.

Биз фашизмди жеңдик, бирок бүгүнкү күндө балдарыбызды тарбиялоодо уттуруп жатабыз. Жогорудагыдай окуялар кайталанбашы керек. Бул биздин тарыхыбызга, мурасыбызга жана ата-бабаларыбыздын эрдигине жасалган чыккынчылык. Албетте, бул балдарды табабыз. Бирок жазалоо үчүн эмес, аларга өз иш-аракеттеринин пастыгын түшүндүрүү үчүн табабыз.

Коомубузда мындай балдар бар, демек биз тарбияда же билим берүүдө бир нерсени эстен чыгарып жатабыз же бир нерсеге көңүл бурбай жатабыз. Андыктан биз ушул багытта көп иштешибиз керек. Балдар биздин тарыхыбызды жөн эле билип тим болбостон, ата-бабаларынын эрдиктеринин баасын, баркын толук аңдап түшүнүшү керек, алар менен сыймыктанышы зарыл! Бул биз умтулуп жаткан маданий жана адеп-ахлактык тарбия менен ажырагыс байланышта.

Достор! Быйыл биз Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын жана Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгын белгилейбиз! Мен бардыгыңыздарды бизди тынчтык дүйнөдө жашашыбыз үчүн өз өмүрлөрүн берген, ден соолуктарын курмандыкка чалган ата-бабаларыбыздын элесине жана эрдиктерине таазим этүүгө чакырам!".

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын борборунда Өчпөс отту өчүргөн жарандын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жарандын бири "Өчпөс отту мен өчүрөм" деген бейбаштык жосуну видеого тартылып, коомчулукта сын-пикирге алынган. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы Өчпөс отту өчүргөн жаран табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин, кармалган шектүү жаран кылган кылыгын моюнуна алып, тамаша хайп үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сураганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Talant22
2021-04-08 01:07:18
Ушул баланы армияга жонотбойсунорбу кичине болсода тарбия алып келет
+15
aksyraion
2021-04-08 01:36:01
Ээ очпос отун менен сенин...
Жаш кызды олтуруп атышса очпос айтатда
-6
aksyraion
2021-04-08 01:36:28
Отту
-1
Asmat84
2021-04-08 03:12:31
Жапаровко жетсе анда бул баланы кыйла кылышат
-1
Kadyrova_
2021-04-08 08:00:27
Өчпос отту өчүрүп өзүн укмуш эрдик жасагандай сезип жаткан.булда болсо тарбясы жоктугун.акылы тайыздыгын.билиминин жоктугун көрсөтүп турат ушундай балдарга Аллахым жүрөгүнө ыйман берсин иншалла.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан