Хайп үчүн жасаган. Бишкекте Өчпөс отту өчүргөн бала табылды

Бишкек шаарында Өчпөс отту өчүргөн жаран табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын борборунда Өчпөс отту өчүргөн жарандын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жарандын бири "Өчпөс отту мен өчүрөм" деген бейбаштык жоосуну видеого тартылып, коомчулукта сын-пикирге алынган.

"Бул видео чыгар замат милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган жаранды табышып, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Кармалган шектүү жаран кылган кылыгын моюнуна алып, тамаша хайп үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сураган. Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Хайп үчүн жасаган. Бишкекте Өчпөс отту өчүргөн бала табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bema_bema
2021-04-07 18:59:37
Тарбиясы жокдор, хайпбын менен жерге кир. Ата энени деле укпай калды азыркылар. 10кун болсо дагы кылганына жооп берсин. Боло берет экен деп буга окшогондор кобойот. Законду сыйлоо деген жок бизде, президентибизди соз менен тепкилеп салабыз тим эле.
+2
Mustafo
2021-04-07 19:09:30
Ата энесине наалат
-2
Akjas
2021-04-08 07:51:04
Mustafo, арзыбаган нерсе учун ата энесин каргаштын кереги жок.
Эмне баарынар очпос отту ыйык нерседей сезим алгансынар
0
AykaMer
2021-04-07 19:09:34
Хайп кылам деп эми өзү айып болду... Таза жашоосуна кара так калтырып нафиг нужен аа,жаштар!!!
+4
sirgak_92
2021-04-07 19:32:23
Атаңдын тиягында эле калып калсаң жакшы болмок
+6
Pepe93
2021-04-07 19:38:18
Башын кошо ортонуп кетпебтир
+2
PFC-CSKA
2021-04-07 20:08:34
Ошол акмак билет экенби 'очпос от' эмне себептен очпош керек экенин?.
+6
nazira...
2021-04-07 20:59:07
PFC-CSKA,ошо билбегендиги үчүн кылып атат да. Ыйман берсин балдарыбызга.
0
bekalife
2021-04-07 22:26:07
Келесоо десе. Эрдик кылгандай мактанып коет дагы.
0
alym21
2021-04-07 23:28:48
Чачыңа от жармашып калбаптыр да
+1
Jigitchem
2021-04-08 00:57:18
Ошондон ары армияга алып кеткиле тарбия коруп келсин,мекенине болгон мээрими ойгонуп.
+1
Ozgocho111
2021-04-08 06:40:38
Ата энеси барып отту очуруп кел дебегендир акмактын, ата энени укпаган тарбиясыз экени корунуп турат уятсыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан