Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттыкты сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Медициналык мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясы пандемиясынын мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыгы, керектүү дары-дармектер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылынгандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Президент Садыр Жапаров медициналык мекемелерди дары-дармектердин запасы менен жетиштүү камсыздоо жана аларга кошумча койко-орундарды уюштуруу милдетин койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясын жуктурган учурларды эрте аныктоо боюнча иштерди күчөтүүгө көңүл буруп, тест-системдердин кошумча партияларын сатып алуу маселесин тезинен карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан