Милиция ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова менен Замирбек Теңизбаевдин сүрөттөрүн интернет желесине ким таркаткандыгын тактап жатат. Маалыматты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, текшерүүнү Ички иштер органдарынын ички иликтөө кызматы баштады.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда каза болгон кыз менен аны уурдаган жарандын жансыз денелеринин сүрөттөрү тараган. Ал сүрөттөрдү айрым ЖМКлар дагы жарыялаган. Бул интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.