
Ала качуудан каза болгон
Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектеги өлүкканада. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары жеринде жүргөн кабарчыга билдирди.
Кыздын жакындарынын айтымында, аны ала качкан бала Алай районунан болот. Учурда анын сөөгү дагы өлүкканада. Бирок бала жактын туугандарынан эч кимиси келе элек.
"Кыздын сөөгүн бүгүн беребиз дешти. Экспертизалар дайындалып жаткан экен. Балыкчы шаарында кыздын апасы жана башка туугандары күтүп жатышат", - деп билдирет кыздын туугандары.
5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени
белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын
билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган
Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына
киргизилди.