Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум болуп өттү.
Сотто Канатбекованы ала качууга жардам берген 5 айыпталуучунун иши каралды. Алардын бирөө күнөөсүн моюнга алса, бирөөсү алган жок. Ал эми калган үчөө жарым-жартылай моюнга алышты.
Мындан сырткары, жабырлануучу тараптан Канатбекованын апасы жана таежеси көрсөтмө берип, 200дөн ашуун милиция издеди деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтышып, укук коргоо органдары издебегенин билдиришти.
Соттук отурум эртең менен саат 9:00дөн 14:00гө чейин уланды. Ал эми кийинки соттук отурум 15-июнга саат 9:00дөн 12:00гө чейин болорун кабарлашты.