Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы: Жактоочунун билдирүүсүнө Бишкек ШИИББи жооп кайтарды

Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын жактоочусу Нурбек Токтакунов милиция кызматкерлери кайдыгерлик кылууну улантып жатканын Фейсбук баракчасында билдирген.

Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

"Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 175-беренеси "адамды никеге туруу максатында уурдоо" менен тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда кылмышка шектүү төрт адам камакка алынган.

Соттун уруксаты менен уюлдук компаниялардагы абоненттер менен абоненттик шаймандардын ортосундагы байланыштар жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле уурдалган күнүнө карата ар бир шектүү менен кылмыштын учурун кайталап чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш иши учурунда кийип жүргөн жеке буюмдары, андан ары соттук-биологиялык экспертизаны дайындоо үчүн адам өлтүрүүгө катыштыгын аныктоо үчүн алынган. Кылмышка шектүүлөрдүн Бишкек шаарынын аймагында жүрүп өткөн жолдорун жана шектүүлөрдүн жашаган жериндеги издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, тышкы байкоо камераларындагы жазууларды алуу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Андан сырткары башка мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда. Балыкчы ШИИБинде маркумдун энесин суракка алуу жана ал кызынын мыйзамдуу өкүлү деп таануу боюнча тергөө буйругу жөнөтүлгөн. Маркумдун энесинин абалын, үй-бүлөсүнүн түйшүгүн эске алып, сурак кийинки убакка калтырылган. Учурда бул фактыны Аламүдүн РИИБи тергеп жатат. Ал эми милиция кызматкерлердин ишин УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы карап жатат. Бишкек ШИИББи адамдарды жалган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырат. Ал үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан