Айзаданын өлүмү: Өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаев тууралуу айыл өкмөт башчысы айтып берди

Эртең, 10-апрелде Айзаданы ала качып кетип өлтүрдү делген Замирбек Теңизбаев Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жошолу айылынын айыл өкмөт башчысы Туратбек Абдрахманов билдирди.

Маалыматка караганда, Замирбек Теңизбаев турмуш шартына байланыштуу үй-бүлөсү менен 1995-жылы Бишкек шаарына көчүп кетишкен. Көп жылдан бери апасы менен Москвада жашап келген.

"Бул жактагы айылдагы 2 бөлмөлүү үйү киши жашабаганына байланыштуу каралбай калган. Ошондо каза болгон бала 3-классында көчүп кетишкен экен. Ошол бойдон ал бала былтыр, 2020-жылы келген. Ата-энеси ажырашып кеткенде, атасы 19-20 жыл мурун Казакстанга кетип дайынсыз жоголуп кеткен. Баласы Замирбек атасын ал жактан таап, бул жерге алып келип тийиштүү документтерин бүтүргөн. Ушул иштерге байланыштуу былтыр келип, бизге жолуккан. Мен аны көргөндө жакшы бала көрүнгөн. Баланын ата-энеси дагы жакшы адамдар эле.

Атасы Казакстанга жумуш издеп кетип, документтерин жоготуп бир казактын үйүндө анын жумушун кылып, малын карап, өзү трактор айдап, анын жерин айдап 20 жыл жүрө бериптир. Анан 2020-жылы баласы барып, издеп таап Казакстандан документи жок өткөрбөй койгондо, ошол жерде чуркап жүрүп атасы экенин далилдеп алып келген. Бул жакка келип атасы дарыланып, чогуу жашап калышты эле. Бул интернетке чейин чыккан, көбү көрсө керек. Андан бери 1 жыл өттү, атасынан кайра дайын жок окшойт. Бала былтыр келгенде айылдагы үйүнүн салыгын төлөп кеткен.

Ал 3 бир тууган, 2 уул 1 кыз. Замирбектин үйлөнгөнүнө ашып кетсе бир жыл болгон. Анын 1990-жылкы бир тууган иниси дагы Бишкек шаарында турат. Жанагы кырсык болгон жердеги кызыл унааны иниси такси кылып, айдап жүрчү. Кара-Балтадан ижарага алып, такси кызматында иштеп жүргөн. Анан Замирбек келип, берип тур деп сурап ушул иш болуп жатат", - деп билдирди аталган айыл өкмөт башчы Абдрахманов.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.

Кечээ, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
supish2017
2021-04-09 20:20:22
Турмушта кыйла эле азап тарткан экен.
Ата энелер ажырашпагыла.
Балдардын психикасы бузулат..
+22
JaneEr
2021-04-09 20:21:35
Уйлонгонуно 1 жыл болсо,аялы барбы азыр?
+14
nargiz-sa
2021-04-09 20:35:05
Айыл өкмөт башчы тууганы эле болот окшойт көптү билет экен
-5
Jaraisyn
2021-04-09 20:44:52
Айыл башчы кантип билбесин айылдашы тууралуу маалыматтарды. Аны тактап жүрүү айыл башчынын иши да. Же силерлин айыл башчыңар билбейби. Учет деген бар. Ушул жерден да кынтык издеп чыкканыңар кантсин. Тууганы болуп коргоп жатат деп да айтарсыңар.
+17
bond02
2021-04-09 21:10:06
Тузук эле бала окшойт эле менин оюмда ата энесине кылган мамилесине караганда, бирок жашоонун жыргалын корбой наоборот жашоодон жадап калган экен да.
+11
Chikabek
2021-04-09 22:28:20
Шайтанга азгырылган экен акмак бала , анчалык суйот экен озу эле олуп калбайбы аттин чырактай татынакай кызды тындым кылбай, оо Аллахым озу башы менен кетсин мындай окуя кайталанбасын !
+8
nazira...
2021-04-09 22:34:39
Бул жерде баланы эле күнөөлөй.бербегиле, кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү. Дагы күт деп баланы күттүрө берип, бечара бала катуу суйүп калган экен да көнүлү бар деп. Рас жакпадыбы үмүттөндурбөй кагып кагып салса кутулмак биротоло. Эми мындай жаман нерседен кудайым сактасын, ата энелерине эле кыйын болду, айрыкча жалгыз кыздын энесине, байкуш бир кызым деп жашап келди да. Балдардын тагдырына жазылганы экен да, андан эч ким качып кутула албайт, бейишин берсин кудайым.
+2
Gulizaa
2021-04-10 15:30:15
nazira...,эмне дешти да билбейм турам бирок.Кут деп кыз ,айласы жогунан айткан го.Турцияга кетип кутулам деп.Кээ бир балдарга тушунбойсун ,кагып салсан болот дейсиздер,мен аны да кордум .кагып ал бала номеримди таратып ,бузулуп кеткен Кыз деп жарыя кылып салыптыр.Хм
0
raykray
2021-04-09 23:12:54
Кандай билбейт айыл башы??? Айыл силерге шаар эмес баары билет бири бирин, тем более налог толоп атасын алып келем документ туурулап чуркап журсо билишетда менда айылымдын 70% билем. Чон киши баарын билетда
+6
VENOM
2021-04-10 00:40:10
Суйбогонго суйконбо дейт, бул суйконмок турсун олтуруп тынды.. Бул да болсо сабак кээ бирөөлөргө
+3
Kombi
2021-04-10 13:42:42
Суйуу бул шайтан. Суйуу никеден кийин ага чейн шайтан. Эч качан журокко жакын суйбош, жакшы корбош керек бир тууганынды да. Эгер ошол адамын олсо жб сенда кыйналасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан